10:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Аял зордуктоого аракет кылган кишиге карата эч кандай доосу жок экенин айтты

Талас облусунун Чат-Базар айылынын тургунун жердеши зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектелүүчү кармалган соң, аял ага эч кандай доо арызы жок экенин айтып, тосмо арыз жазып берген.

«Окуя 10-мартта болжол менен саат 22:00 чамасында катталган. Кошунасы мас абалында аялдын үйүнө кирип, аны зордуктоого аракет кылган. Кийинки күнү аял ооруканага барып, милицияга арыз берген. Кошунасы камакка алынган. Бирок, 33 жаштагы аял ошол эле күнү эч кандай доо арызы жок экенин айтып, тосмо арыз жазган», — деп маалымдады ИИМ.

Эң көп окулган жаңылыктар