09:10, 27 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Токмокто шаарындагы батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-март күнү куткаруучулар шаардын Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйдүн батирлеринин биринин жабылып калган эшигин ачышкан. Үйдүн ичинен 1957-жылы туулган К.А. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар маркумдун денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.