17:14, 26 марта 2018, Бишкек - 24.kg
КТРКнын «Салам Кыргызстан!» программасынын алып баруучуларынын бири Гүлжайна Атаханова теле берүү кайрадан эфирге чыгышы мүмкүн экендигин айтты.
Учурда программадан Гүлжайна Атаханова жана Назира Жетигеновалар четтелип, аны Санжар Мыкыев өзү гана алып барууда.
«Мен «Чыпалак баатыр» жана Клара Алибекова менен өзүм сүйлөшөм. Эки каарманыбыздын бизге таарынычын деле байкаган эмесмин. Биз болгону режиссёр эмне десе ошону аткардык. Учурда ал кайрадан эфирге чыгышыңар мүмкүн деп жатат. Ал кун дагы келет деп ишенем», — деди ал Атаханова.