Жаран 5 жашар кызды уурдап кетип, зордуктаган. Бул тууралуу Баш прокурордун басма сөз кызматы билдирди.
2018-жылдын 20- мартында Жалал-Абад облустук соту беш жашар кызды зордуктоо боюнча А. У. аттуу жарага карат өкүм чыгарган.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 15-ноябрында Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда А. У. аттуу жаран анын 5 жашар кызын уурдап кетип, зордуктаганы жазылгын.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза кыздын зордукталганын аныктаган. А. У. аттуу жарандын күнөөсү толугу менен далилденген.
Кылмыш жаза кодексинин 129-беренесине (Жашы жете элек каршы жасалган зордуктоо) ылайык жаран сот тарабынан күнөөлүү деп табылган жана шарттуу түрдө 20 жылга эркинен ажыратылган.