Чолпон-Атанын ат майданы үчүн 10 млн сом бөлүүнү суранышууда

13:16, 26 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Атанын ат майданы үчүн 10 млн сом бөлүүнү суранышууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда белгилүү болду.

«III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү үчүн Чолпон-Атадагы ат майданына 10 млн сом бөлүп берүүнү суранып жатабыз», — дейт Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Аманкулов.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, учурда каржы булактары табылган. Соңунда комитет мүчөлөрү Канат Аманкуловдун сунушун колдоого алды.