20:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусиядагы соода борборундагы өрттөн 37 киши мерт кетти

Орусиянын Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборундагы өрттөн 39 киши каза таап, дагы 43ү жаракат алды. 70ке жакын кишинин дайыны билинбей жатат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги расмий маалыматтарга таянып жазды.

Маалыматка караганда, соода борборундагы өрттөн кийин дайыны табылбай жаткандардын саны 69га жетти, алардын 40ы балдар. Орусиянын Тергөө комитети киши өмүрүн алган өрт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Соода борборунун өрт чыккандыгы тууралуу кабар берчү түзүлүшү иштебей калып, андагы адамдар толук эвакуацияланбаганы кабарланууда. Расмий маалыматтарга ылайык, имараттан 100 киши эвакуацияланып, дагы 20сы куткарылган. Калган адамдар соода борборунан өз алдынча чыккан болушу мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар