Сокулукта жаш келиндин жансыз денеси табылды

09:18, 26 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунан жаш келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өздүгү белгисиз, азиат улутундагы аялдын жансыз денеси 24- мартта, саат 14:30 чамасында Ак-Ордо жаңы конушунун 206 участкасында табылган. Ал адам колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Маркумдун жашы болжолдуу түрдө 25-30 жашта. Бою 165-168 см, чачы кара, узундугу 20-25 см. Көк түстөгү кофта, кара джинсы шым жана күрөң-жашыл түстөгү куртка кийип алган.