Президент: Кыргызстан менен Пакистандын достук мамилеси тереңдейт деп ишенем

15:54, 23 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын президенти Мамнун Хуссейнге Пакистан Ислам Республикасынын күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Улуттук майрам — Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргызстан менен Пакистандын салттуу достук мамилеси жана кызматташтыгы эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге чын ден-соолук, бакыт жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.