02:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Айдоочу 80 жаштагы карыяны койдуруп, кырсык катталган жерден качып кетти

Кара-Суу районунда жол кырсыгынын кесепетинен 80 жаштагы карыя көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-мартта, саат 21:00 чамасында Правда айылында катталган. Карыяны койдуруп кеткен айдоочу, окуя катталган жерден качып кеткен.

Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. ИИМ кызматкерлери кырсыкка күбө болгондор болсо төмөнкү телефон номерине билдирип коюну суранышат: (03222) 2-30-87, (0772) 80-77-11.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума