Ата-энесин кароосуз калтыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталууда.
Демилгечи депутат Тазабек Икрамов Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизип, карыган ата-энесин кароодон баш тарткандагы жазалоо зарылдыгын белгилейт.
Мыйзамда ата-энесин кароодон баш тарткандарды бир нече деңгээл менен жазалоону каралат.
Анда 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу, 180 сомдон 220 миң сомго чейин айыппул салуу белгиленет.
«Улууларга урмат көрсөтүп, кам көрүүнү Конституция милдеттендирет. Мисалы, Тажикстанда ата-энесин карабай койгондорго кылмыш жазасы каралган» — депутат.
Эгер мыйзам долбоор кабыл алынса, 2019 жылы күчүнө кирет.