13:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бельгияда жаш үй бүлөлөр ипотекага каражатын үнөмдөш үчүн боз үй сатып алууда

Бельгия жараны Стефан Климовски мекенинде Be Yurt деген бөз үй чыгаруучу фирма ачкан. Компания тез эле популярдуулукка ээ болуп, кардарлары көбөйгөндүктөн штатын кеңейтүүгө туура келген. Бул тууралуу «Казинформ» жазып чыкты.

Стефан Климовски Борбор Азияда болгон эмес, бирок боз үйдү интернеттен көрүп кызыгып калган. Ал боз үй формасы, ички атмосферасы, деги эле бардык жагынан идеалдуу деп эсептегендиктен, өзү жаратып көрүүнү чечкен. Климовски алгачкы боз үйдү досу менен жасап, ал кыска убакыт аралыгында сатылып кеткен. Учурда фирманын ачылганына бир жарым жыл болуп калган. Алар боз үйдү европалыктардын табитине ылайыктап чыгарып келет. Боз үй европалыктарга экологиялык жактан тазалыгы, кичинелиги жана көчүп-конууга ыңгайлуулугу менен жагып келет. Дагы бир өзгөчөлүгү анын баасынын төмөндүгүндө. Европада боз үйдү 15 миңден 30 миң еврого чейин сатып алса болот. Мындай баа айрыкча жаңы баш кошкондор үчүн ыңгайлуу.

«Биздин заманда жаш үй бүлөлөргө турак жай сатып алуу абдан кыйын. Ал үчүн 30-40 жыл ипотека төлөйсүз. Андыктан көптөр абалы начар, арзан үйлөрдү сатып алышат. Аны оңдоп-түзөө иштерине эле бир топ жыл жана каражат сарпталат. Убактылуу жашап турууга жай табыш керек болот. Андыктан жаш жубайлар үчүн боз үй абдан ыңгайлуу», — дейт Климовски.

Эң көп окулган жаңылыктар