Орусия чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн кыргызстандык айым эркинен ажыратылды

09:57, 23 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Магадан шаардык соту Кыргызстандын жаранына карата айыптоо өкүмүн чыгарган. Ал Россиянын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылды, — деп жазат MagadanMedia.

Маалыматка ылайык, жаран 2015-жылы ошол эле Магадан шаардык сотунун чечими менен чет өлкөлүк жарандардын эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, айып салынган жана 2020-жылдын 14-июлуна чейин Орусиянын аймагына кирүүгө кыюу салынган.

Бирок аял Кыргызстандан паспортун жаңыртып, өздүгүн дагы алмаштырып, Россияга келген. Жаран эки жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө эки жылга кесилген.