06:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Санжыра» радиосу жыштык сатып алып, кайра эфирге чыгууга даярданууда

«Санжыра» радиосу жыштык сатып кайра эфирге чыгууга даярданып жатат. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш комитети билдирет.

Алардын маалыматында, 103,3 МГц, 99,7 МГц, 105,6 МГц жыштыктары сатыкка коюлган. 12 -марта gasauction.srs.kg интернет ресурсы аркылуу аукцион өткөрүлдү.

103,3 МГц радио жыштыгынын баштапкы баасы 379 миң 755 сомго бааланып, ага жети ишкана катышты. «ТРК НТС», «Азаттык Медиа», «ТРК Санат», «ТО Микс Медиа», «Провайдер+», «Тумар Медиа Групп», катышып, «ТРК НТС» 2 миллион 525 миң 371 сомго сатып алды.

Андан тышкары, «ТРК НТС» 99,7 МГц (1 миллион 104 миңге 345 сомго) жана 105,6 МГц жыштыгына (769 миң 986 сомго) да ээ болду.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго тиешелүү болгон «Санжыра» радиосу 2017-жылы күзүндө лизенция мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу обого чыкпай калга.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума