17:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Турагой Кыргызым!» Интернет колдонуучулар бийликти жана элди иштөөгө үндөшүүдө

Социалдык тармакта элди жана бийликти иштөөгө үндөгөн «Турагой Кыргызым!» видеолору жарыяланууда.

Мындай чакырыктагы видеону биринчилерден болуп учурда Данияда билим алып жаткан, үч баланын апасы Гүлзат Мамытбек өз баракчасына жайгаштырган. Анда ал кыргыз элин жазды утурлап, белди бекем бууп ишке киришүүгө.

«Алтыным, кыргызым тур, турагой. Иште!» — дейт ал.

Аны колдоого алган кыргызстандыктар дүйнөнүн булуң-бурчунан видеолорду жазып, интернетке жайгаштырууда.

Эң көп окулган жаңылыктар