Былтыр темир жолу аркылуу 7,1 млн тонна жүк ташылган

09:02, 23 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Былтыр темир жолу аркылуу 7,1 млн тонна жүк ташылган. Бул тууралуу Кыргыз темир ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев билдирди.

Анын айтымында, ташылган жүктүн көлөмү 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 млн тоннага көбөйгөн.

"2017-жылы 313 миң жүргүнчү ташылды. Ал 2016-жылга салыштырмалуу 30,3 миң жүргүнчүгө көп. Былтыр ишкананын таза кирешеси 576 млн сомду түздү. Ал эми кирешенин өсүүсү 22,4, млн сом болду. 2017-жылы мамлекеттик бюджетке 205 млн сом салык төлөнсө, Социалдык фондго 318 млн сом төлөндү",- дейт ал.