17:01, 22 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Сабалган 8 жашар кыздын өз энеси табылды. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кыздын энеси балдарын өзүнө аларын айткан.
Эскерте кетсек, 12-мартта Бишкектеги № 3-балдар ооруканасына катуу сабалып, баш сөөгүнөн жарат алган 8 жаштагы кыз келип түшкөн. Кыз аны өгөй энеси ургандыгын айткан.