Ошто 19 жаштагы кыз кесиптешин бычактап өлтүрдү

15:13, 22 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Ноокат шаарында 19 жаштагы кыз кесиптешин бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18- мартта ооруканага бычактан жарат алган жигит келип түшкөндүгүн милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Жаран ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Ишти иликтөөгө алган милиция кызматкерлери, 1995-жылы туулган жигит кофеде иштегендигин аныктаган. Ошол күнү ал кафенин бөлмөлөрүнүн биринде 1999-жылы туулган кесиптеши менен бирге калган. Ортодо чыккан пикир келишпестиктерден улам кыз ашкана бычагы менен аны төшкө сайган. Учурда кыз камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.