15:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Төрага: Нарындыктар татыктуу медициналык жардам алуу үчүн жардам беребиз

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында мурда Тез жардам станциясы жайгашкан имараттын абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Нарын шаарынын борборунан орун алган имараттын абалы өтө начар жана капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Алгач кесиптик техникалык окуу жайы катары ачылган имарат, кийин Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунун балансында Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна айланган. Ал эми 2008-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жарлыгы менен Тез жардам кызматынын карамагына өткөрүлгөн. Бирок 2014-жылы май айында имараттын чатырынын бир бөлүгү кулап түшүп, тез жардам кызматы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын эски реанимация бөлүмүнө көчүрүлгөн.

Жергиликтүү бийлик жетекчилери белгилегендей, бир катар комиссиялардын чечимине ылайык имарат пайдаланууга жараксыз деп табылган. Нарындыктар анын ордуна Тез жардам станциясы менен бирге дартты аныктоо борборунун имараты курулса деген ниеттерин билдиришти.

Андан тышкары, облуста жана Нарын шаарында дарыгерлердин жетишсиздиги курч бойдон калууда. Көпчүлүк саламаттыкты сактоо кызматкерлери турак-жайдын жоктугунан кетүүгө мажбур. Андыктан, жергиликтүү эл эски имараттын ордуна курулуучу жаңы имараттын бир кабатын дарыгерлер үчүн жатакана катары берүү керектигине токтолушту.

Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү коюлган эрежелерге жана талаптарга ылайык, дарылоо борбору менен жатакана бир имаратка жайгаштырылбай тургандыгын белгиледи.

Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков бардык айтылган маселелерди эске аларын билдирип, мекемесиз калган Тез жардам станциясына материалдык жардам берилерин кошумчалады.

«Биз Нарын облусунун жана Нарын шаарынын тургундарынын татыктуу медициналык жардам алуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырып, жардам беребиз», — деди Дастанбек Жумабеков. Ошондой эле төрага жаңы медициналык мекеменин курулушуна бюджеттен каржы чегерүү маселесине да көмөктөшөрүн убада кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар