02:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Орусияда кулчулукта жүргөн 13 кыргызстандык аял куткарылды

Орусиянын Рязань шаарында тигүү цехинде кулчулукта жүргөн кыргызстандык 13 аял куткарылды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдиргендей, алар өткөн жумада табылган. Аялдар өздөрүнүн абалы тууралуу телефондон тааныштарына маалымдашып, милицияга кабар жеткен.

Кыргызстан менен Орусиянын ички иштер министрликтери чогуу жүргүзгөн иликтөөдө алар «Февраль» деп аталган ишканада кулчулукта жүргөнү аныкталган. Ал жерде жүз киши иштеп жатканы, анын 13ү кыргызстандыктар экени такталган.

«Паспортторун алып коюшкан. Сыртка чыга алышпайт. Фирманын ээси — орус жараны, ал эми негиздөөчүсү вьетнамдык экен. Тигүүчүлөрдүн көбү Вьетнамдан келиптир. Андан тышкары, Борбор Азиядан баргандар иштешкен», — деген Бакыт Сеитов жумушчулар кээде түнү менен иштегени, түшкү тамактанууга 40 мүнөт убакыт берилип, үлгүрбөй калгандарга 5000 рублдан айыппул салынганы да аныкталганын кошумчалады.

Фирма жетекчилигине кылмыш иши козголду. Жумушчуларга айлык акысын алып берүү маселеси каралып жатат.

Кулчулукка кабылгандар Кыргызстандын түрдүү аймактарынан барышкан. Алар 39 жаштагы жарандын ортомчулугу менен Бишкектен Орусияга кетишкен. Учурда ошол жакта көрсөтмө берип жатышат. Ишти Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү көзөмөлгө алган.

Эң көп окулган жаңылыктар