Нооруз майрамына карата Караколдо 250 литр сүмөлөк даярдалат

14:02, 20 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Нооруз майрамына карата Караколдо 250 литр сүмөлөк даярдалат. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Бүгүн шаар тургундары сүмөлөктөн башка дагы улуттук тама-аштарды даярдашууда. Даярдык иштери концерттик программанын коштоосунда жүрүүдө.

«Эртең тамак-аш жарманкеси жана «Ашлянфу» фестивалы өтөт. Андан тышкары «Көчмөндөр жаңырыгы» сынагы уюштурулду. Анда бөз үй көрсөтүлөт», — деп жазылат маалыматта.