Түркиянын Деңизли шаарында кыргыз кызы жол кырсыгында каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.
Алардын маалыматында, 26 жаштагы Кыргызстандын жаранынын сөөгү учурда Памуккале университетинин өлүкканасында. Элчилик кыздын туугандарын издеп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин Dogan агенттиги 19-март күнү Памуккале районунда талаада иштеген дыйкандар жол жээгинен чет өлкөлүк кыздын зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөнүн көрүшүп, полицияга кабар беришкендигин жазып чыккан. Полиция сөөктүн жанынан телефонун жана паспортун тапкан.