Москвада кыргыз аялдары «Мен ишкер айыммын» журналын чыгара башташты

09:28, 20 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Москвада кыргыз аялдары «Мен ишкер айыммын» журналын чыгара башташты.

Журналды негиздөөчүлөрдүн айтымында, алар Москвадагы кыргыз аялдарынын ишмердигин чагылдырып башташат. Анын башкы редактору болуп Гүлжан Давлетбекова дайындалды.

«Биз биригип, бири-бирибизге жардам берип олтуруп, журнал ачууга жетиштик. Москвада өзүнүн бизнесин ачып, ийгиликтерге жетишкен аялдар көп. Бул дагы Кыргызстанда эч бир гендердик теңсиздик жоктугун айтат» — дейт ал.