ЕККУ: Орусиядагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок

08:37, 20 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулар тобу Москвадан ушундай корутундусун жарыялашты.

«Жыйналуу, биригүү, ой-пикир билдирүү боюнча негизги укуктардын чектелиши саясий карым-катыштын мейкиндигин тарытты, бул чыныгы атаандаштыкты жок кылды, — деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын башчысы жана атайын координатору Майкл Жорж Линк.

Орусия БШКсынын төрайымы Элла Панфилова билдиргендей, бюллетендердин 99,8% саналгандан кийин президент Владимир Путинге добуштардын 76,7% берилгени аныкталды. Бул Путиндин буга чейинки үч шайлоодон алгандарынан да жогору көрсөткүч.

Добуш берүүгө болсо расмий эсеп боюнча калктын 67,47% же 73,36 миллион киши катышкан. Компартиянын талапкери, 12% жакын добуш менен экинчи орун алган Павел Грудинин Орусиянын 18-марттагы саясий өнөктүгүн «КМШ аймагындагы эң ыплас шайлоо» , - деп мүнөздөдү.

Фото