Ажылык-2018. Зыяратчылар төлөй турган баа белгилүү болду

18:00, 19 марта 2018, Бишкек - 24.kg

2018-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация 2 миң 890 долларын түздү. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, каттоодон өтүп, макулдук алган жарандар акчаны 13-апрель кечки саат 17:00гө чейин РСК банкына төлөөлөрү зарыл.

Өткөн жылы ажыга баргандар 2 миң 760 доллар төлөшкөн. Баанын кымбатташы Сауд Арабиянын Кыргызстанга бөлүнгөн квота менен бирге келишимдин үстүнө беш пайыз кошушуна байланыштуу.

Быйыл 5485 киши зыярат кылат. Алар июль айынан баштап жөнөтүлөт.