17:32, 19 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев турмушка чыккан мектеп окуучусу кош бойлуу эместигин, ата-энеси үй бүлө куруусуна каршы болбогонун билдирди.
Анын айтымында, кыз турмушка өз каалоосу жана ата-энесинин уруксаты менен 6-мартта турмушка чыккан. Андан бери мектепке келе элек. Ата-энеси кызы турмушка өз каалоосу менен чыкканы тууралуу азыр жазып беришкен.
Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абада облусунун Ноокен айылындагы № 20-мектептин 11-классынын окуучусу турмушка чыккандыгы айтылган. Окуучу кош бойлуу болгондугуна байланыштуу ата-энеси турмушка узатууга аргасыз болгон деген маалымат тараган.