Бишкекте жылуулук берүү токтотулат

16:04, 19 марта 2018, Бишкек - 24.kg

22-мартта Бишкекте жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине энергетиктер билдирди.

Аталган сунуш учурда Бишкек мэриясынын кароосунда.

Эскерте кетсек, жылуулук Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен өчүрүлөт. Ал үчүн абанын температурасы 5 күн боюнча +8 градус болуусу керек. Былтыр жылуулук 11-апрелде өчкөн.