13:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ноокенде кош бойлуу мектеп окуучусу турмушка чыкты

Жалал-Абада облусунун Ноокен айылындагы № 20-мектептин 11-классынын окуучусу турмушка чыкты. Бул тууралуу аталган мектептин жетекчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучу өз каалоосу жана ата-энесинин макулдугу менен 19 жаштагы жигитке турмушка чыккан. Мектеп жетекчилиги анын ата-энеси менен сүйлөшүп, кызды турмушка узатпоону суранган. Бирок ата-энеси макул болгон эмес. Ал эми класс жетекчиге сөгүш жарыяланган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, окуучу кош бойлуу болгондугуна байланыштуу ата-энеси турмушка узатууга аргасыз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар