20:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нооруз-2018. Ошто бүгүн сүмөлөк кайнатылып, «Кадыр түн» тосулат

Бүгүн Ош шаарындагы борбордук аянттын жанында жайгашкан «Сүйүү» эс алуу жайында сүмөлөк кайнатылып, «Кадыр түн» каадасы өткөрүлөт. Аны Ош технологилык университети уюштурарын каала мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Ал эми майрамдык салтанат, 21-март күнү шаардын борбордук аянтында саат 10:00до «Нооруз-2018» театралдык оюн зоок, концерттик чоң программа менен башталат.

Маалыматта саат 11:30да Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырып, «Ыкчам боз үй тигүү» сынагынын финалы болуп, жеңүүчүлөр сыйланары айтылат.

Андан тышкары, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда «Элдик кол-өнөрчүлөрдүн» сынак-көргөзмөсү, «Жүрөгүмдө Кыргызстан» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болот.

Искусства сүйүүчүлөрү Сай-Бою көчөсүнө «Байыркы Ош баалуулуктары» сүрөт көргөзмөсүнө күбө боло алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума