Шайлоодо Орусия жарандарынын 76 пайыздан ашыгы Путинге добуш берди

08:53, 19 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Шайлоодо Орусия жарандарынын 76 пайыздан ашыгы Владимир Путинге добуш берди. Путин тарапташтарына ыраазычылык билдирип, жаңы мөөнөтүндөгү пландары жөнүндө айтты.

Путин азырынча Конституцияны өзгөртүүнү пландабаганын жана жаңы премьер-министрдин талапкерлиги тууралуу ойлоно электигин билдирди. Ошол эле маалда ал учурдагы өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин кызматта калар-калбасы жөнүндө берилген суроого жооп берген жок.

Путин дагы бир президенттик мөөнөт тууралуу суроону «бир аз күлкүлүү» деп атады: «Мен эмне, 100гө чыкканча отурмак белем? Андай болбойт», — деди ал.

Андан мурдараак Москванын Манежный аянтында өткөн «Орусия. Севастополь. Крым» деп аталган митингде сүйлөгөн Путин шайлоого катышкан бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирген.

«Силер — биздин жалпы командабызсыңар. Бүгүн добуш берген жарандардын бардыгы — биздин жалпы улуттук чоң командабыз болуп эсептелишет», — деген ал.

Андан соң Путин өлкөнү биримдикке чакырып, «Орусияны ийгиликтер күтүп турганын» айтты.

Бюллетендердин 80 пайызы саналып бүткөндөн кийин Путин 76,18% менен алдыда. Экинчи орунда Коммунисттик партиянын талапкери Павел Грудинин ( 12,3%) келатат.