19:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 2 тоннадан ашык мандарин кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 2 тоннадан ашык мандарин кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусунун Чоң-Талаа айылынан Ж.А.Т. аттуу жарандын унаасын текшерүүгө алган.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда тийиштүү документтери жок ташылып келе жаткан, Пакистанда өндүрүлгөн мандарин табылган. Анын жалпы салмагы 2021 кг түзүп, товардын жалпы суммасы 111 155 сом болгон.

Иштин материалдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлдү. Зыян 19 841.17 сом өлчөмүндө өндүрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар