Сузак районунда жер көчкү түшүү коркунучу бар

09:57, 16 марта 2018, Бишкек - 24.kg

13-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Акчалуу айылында көлөмү болжол менен 1-1,5 млн м3 жеткен жер көчкү түшүү коркунучу жаралган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Катталган кырдаал Акчалуу айылындагы 6 үй бүлөгө жана Кара-Көл айылына баруучу жолдун 14-15- чакырымдарында коркунуч жараткан.

14-мартта Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМнын өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу аймакта жашаган 6 үй бүлө коопсуз жерге көчүрүлгөн.

Ошол себептен жана адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 15-мартта Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын № 57-б буйругунун негизинде аталган унаа жол жабылган.

Жергиликтүү тургундар Жашасын айылы аркылуу айланма унаа жолу менен өтүүдө.