Мурдакы президент менен парламент депутаты жарыша телеканалын эфирге чыгарат

16:13, 15 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Апрель айында кыргыз медиасын эки жаңылык күтөт. Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин «Апрель ТВсы» менен Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун «Prime TV» телеканалдары көгүлтүр эфирге чыгат.

Фото

Белгилүү болгондой, эки телеканалдын жамааты тең кыштан бери жан үрөп иштеп, бир нече долбоорлорду даярдашты.

«Апрельди» «Бешинчи каналдын» мурдакы редактору Дмитрий Ложников жетектейт. Ал эми «Prime TV» Назира Ахмедованын башкаруусунда иш алып барат.

Фото

Экөө тең мурдакы ТВлардын базасында түзүлдү. «Апрель» «ON1дин», «Prime TV» «Ош пиримдин» Бишкектеши студиясынын ордуна жаңыча ысым менен чыкмакчы.