09:23, 15 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Ош жолунунун 249-чакрымына кечээ саат 17.30 дагы кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алардын маалыматында, жолдун Токтогул районунан өткөн бөлүгүндө 2 880 м3 жана жолдун 223-чакырымында 7500 м3 кар көчкү түштү. Жабыркагандар жок.
Бишкек-Ош жолу кечээ үч күнгө жабылган. 13-март түнү жолдун 246- чакырымына көлөмү 2,5 миллион кубометрди түзгөн кар көчкү түшкөн. Көчкүнүн узундугу — 250 метрди, бийиктиги — 50 метрди, ал эми туурасы 200 метрди түзгөн.
300дөй ууна жолдон өтө албай турат.