Түптүн мергенчилери ондон ашык карышкырды атып жок кылды

13:41, 14 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунда мергенчилер 13 карышкырды жана 3 чөөнү атып өлтүрдү. Бул тууралуу райондук администрация билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун Бакыт Багачаров бригадасы менен бирге он эки карышкыр, үч чөө аткан. Ал эми Тогуз-Булак айылынын тургун Анатолий Макеев бир карышкыр аткан.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, атылган ар бир карышкыр үчүн мергенчилер 6 миң сом алат. Бөлтүрүктөргө 1,5 миң сом төлөнсө, чөөгө 2000 миң сом төлөнөт.