18:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кара-Балтадагы «Жунда» кытай заводу тарыхый мүрзөлөрдү бузууда

Чүй облусунуну Жайыл районундагы мунай зат иштетүүчү «Чайна Петроль Компани Жунда» Кыргызстандын Жер кодексин бузууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясы билдирет.

Алардын маалыматында, заводдун карамагындагы жер тилкесиндеги мүрзөлөр четтен бузулуп, жер менен жексең болууда.

Завод «Тарыхый- маданий мурастарды колдонуу жана коргоо» мыйзамын аткаргысы жок. Мыйзам тарыхый эстеликтер жайгашкан жерде курулуш, чарба жана башка иштерди жүргүзүүгө тыюу салат.

Мамтехинспекция буга чейин дагы завод ээсине эскертүү жасаган.

Маалыматта мүрзөлөр биздин эрага чейинки V-III кылымга таандык экендиги айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар