«Ала-Тоодогу» жаңы мектеп урап түшүүдө. Назарбаевдин акчасын ким жеген?
09:32, 14 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» жаңы конушундагы урап жаткан № 82 мектептин курулушу үчүн эч бир аткаминер жоопкерчиликти алгысы жок.
Белгилей кетсек, мектеп казак лидерои Нурсултан Назарбаевдин атынан бөлүнгөн акчага курулган. Ага 197 миллион сом сарапталган. Ал үч жыл мурда ишке берилип, ачылышына мурдакы президент Алмазбек Атамбаев өзү катышкан.
Айрым маалыматтарга караганда, учурда мектеп жетекчилиги оңдоо иштерин жүргүзүүгө ата-энелерден акча топтоодо.
Архитектура, курулуш жана турак-жай мамлекеттик агентиги «24.kg» агенттигине мектептин ахыбалына аны куруп баштаган Бишкек шаардык башкармалыгы жооптуу экендигин билдирди.
«Жумушту алганда эле кемчиликтер байкалган. Сейсмологиялык туруксуздугу боюнча техникалык бүтүм 2012-жылдын 2-октябрдагы чечимде жазылган» — дейт Архитектура жана курулуш мамлекеттик агентиги.
Ал эми Бишкек шаардык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов ишти бүтүргөн ишкана жооптуу дейт.
«Бизди ишти өткөрүп бергенде пайдубалы курулуп, түзүмү түзүлүп калган. Азыр жертаманы чөгүп жатат. Ага курулушту аяктагандар жооптуу» — дейт ал.
Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаевдин акчасына Ош шаарында дагы бир мектеп курулуп, 2016-жылы ачылган. Ага казак лидери 100 миллион сом бөлгөн.