Октябрь райондук ИИБнын милиционери пара менен кармалды

16:55, 13 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын милиционери пара менен кармалды. Бул тууралуу күч органдарынын кызматкерлери билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын лейтенанты бүгүн, 8 миң сом пара менен кармалган.

Кармалган жаран Москванын милиция академиясын бүтүргөн.

Эскерте кетсек, февралда ЦУМдун жанынан дагы бир милиция кызматкери 15 миң сом пара менен кармалган.