16:20, 13 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкектен Баткенге багыт алган «Тез Жет» авиакомпаниясынын учагы кайра «Манас» аэропортуна келип конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 1-март күнү ушул эле авиакомпаниянын RJ-85 үлгүсүндөгү учагынын соң кыймылдаткычы иштебей калып, авариялык конууга дуушар болгон. Бактыга жараша жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.