11:45, 13 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Баткен облусунун Лейлек районунун чек арачылары аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан 24 тонна күйүүчү жана майлоочу майды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки тажик жараны чек ара бекетин айланып өтүү жолу менен күйүүчү майды алып чыгып кетүү аракетин жасаган. Алар чек арадан 250 метр алыстаган соң кармалды.
Кармалгандарга айып салынып, жүк Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.