Кыргызстанга үгүт иштери үчүн келген экстремист кармалды

10:53, 13 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга экстремисттик уюмдардын иштерин үгүттөө үчүн келген Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1983-жылы туулган З.Ф.Д. аттуу киши жаза өтөө жоопкерчилигинен качып жүргөн. Ал Кыргызстанга экстремисттик идеологияларды жайылтуу үчүн келген.