Ош шаарында үч күн аралыгында 30 айдоочу мас абалында кармалды

10:50, 13 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында үч күн аралыгында 30 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу шаардык Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

«Кооптуу жүк» жана «Көңүл бургула, балдар!» аталышындагы рейддин жыйынтыгында жол эрежесин бузган 786 айдоочуга карата протокол түзүлгөн. 58 унаа айып пул төлөөчү жайга жеткирилген.