21:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто «Йакын инкар» агымынын 9 мүчөсү соттолду

Аларды Ош шаардык соту «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымынын идеологиясын таратканы үчүн айыптап, 1-март күнү үч жана төрт жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Бул тууралуу Ош облустук ИИБси билдирди.

Бул жарандар 2017-жылдын 15-июнь күнү Кара-Суу районунда кармалган. Ушул тапта дагы 7 жаран «Йакын инкар» агымынын мүчөсү катары кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Алардын алтоо Араван, бирөө Өзгөн районунан кармалган.

Өткөн айда эле Ош облусунун Кара-Суу райондук соту «Йакын инкар» диний уюмунун идеяларын жайылтып жүргөн 24 кишини эки жылга шарттуу кескен.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 15-июнда Кыргызстанда «Йакын инкар» агымынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ага чейин бул агымдын мүчөлөрүнө даават кылууга муфтият да тыюу салган эле.

«Йакын инкар» диний тобу Кыргызстанда дааватчылык уюму катары таанылган «Таблиги жамааттан» бөлүнүп чыккан деп эсептелет. Анын мүчөлөрү «балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбош керек» деген сыяктуу кескин эрежелерди карманып келишкени менен белгилүү.

Өздөрүн «пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз» деген «Йакын инкар» жамаатынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар