Бишкектеги балдар ооруканасына катуу сабалган кыз келип түштү

17:48, 12 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги № 3-балдар ооруканасына катуу сабалып, баш сөөгүнөн жарат алган 7-8 жаштагы кыз келип түштү. Бул тууралуу super.kg жазып чыкты.

Фото

Маалыматка ылайык, бала катуу сабалган жана ага денесиндеги көгала далил. Дарыгерлер окуя тууралуу милиция кызматына билдирген. Учурда ишти иликтөө иштери жүрүп жатат. Кызга өгөй энеси менен өз атасы кол көтөргөндүгү жана ал учурда ооруканада жалгыз жаткандыгы маалымдалат.