14:28, 12 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек мэриясы Чүй проспектинин атын өзгөртүүнү сунуштоодо. Токтомдун долбоору коомчулуктун талкуусуна чыгарылды.
Маалыматка ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн Чүй проспектинен тартып, Бишкектин түштүк чек арасына чейинки бөлүгүн 7-апрель көчөсү деп атоо сунушталууда. Ал эми Чүй проспектинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр проспекти деп аталат. Өзгөртүү 7-апрелдин атын өчүрбөй сактап калуу максатында жүргүзүлүүдө. Иш чарага бардыгы 120 миң сом сарпталат.