Түркияда өрттөн жабыркаган кыргыз жаранынын абалы оор

13:37, 12 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Түркиянын Измир шаарында өрттөн жабыркаган Кыргызстан жаранынын абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ТИМдин кызматкерлери жарандын туугандары менен байланышта болууда. Жабырлануучунун эжеси Түркияга учуп келүүнү пландоодо.

Эскерте кетсек, 7-мартта Измирдеги 5 кабаттуу мейманканадан өрт чыккан. Анын кесепетинен Кыргызстан жараны жарат алган.