Кар көчкү түшүп жабылган Бишкек-Ош жолу ачылды

10:01, 12 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, жолу толугу менен ачылды.

Эскерте кетсек, 11-мартта жолдун 255-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшкөн. Унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.