Катуу шамал Сокулукта мектептин чатырын учуруп кетти

09:50, 12 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Чүйдө катуу шамалдын кесепетинен мектептин спорт залынын чатыры жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

11-март күнү саат 07:30 чамасында Асылбаш айылында ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен катуу шамал катталып, шамал Биримкул орто мектебинин спорт залынын 40 чарчы метр темир тунуке менен жабылган чатырын коңторуп салган. Жабыркагандар жок.