04:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз эл артистти Ашир Чокубаев дүйнө салды

Кыргыз эл артистти Ашир Чокубаев 11-март күнү, 70 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, актёр узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

Ашыр Чокубаев кинодогу жолун 1968-жылы кыска метраждуу «Парижке карай жол» тасмасына тартылуу менен баштаган. Ал 30га жакын кыргыз жана казак тасмаларына тартылган.

Актёр «Ак илбирстин тукуму», «Көчмөн» жана «Курманжан датка» тасмаларында жараткан ролдору менен элге кеңири таанылган.

Эң көп окулган жаңылыктар