Тартылбаган «Шабдан баатыр» тасмасына бюджеттен 11 миллион сом жумшалды

15:48, 07 марта 2018, Бишкек - 24.kg

«Шабдан баатыр» тасмасын тартууга бөлүнгөн каражат максатсыз иштетилген. Бул тууралуу Эсептөө палатасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги аудиттин жыйынтыгы боюнча билдирет.

2014-жылы Шабдан баатыр жөнүндө тасма тартуу сунушталган. Анын сценарийин жазуу режиссер Эрнист Абдыжапаровго жүктөлгөн. Божомолдуу түрдө тасманы 80 миллион сомго баалашкан.

Эсептөө палатасынын маалыматында, 2014-2015-жылдары Финанасы министрлиги 20 миллион сом бөлгөн. Анын 11,5 миллион сому чыгармачылык топтун айлык акысына, реквизиттерди даярдоого жана жабдуу сатып алууга жумшалган. 2015-жылы каржылоо токтотулушуна байланыштуу тасма тартуу токтотулган.

Эскерте кетсек, «Курманжан Датка» тасмасы дагы бюджеттин эсебинен тартылган.