10:34
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өкмөт жөлөк пул боюнча жаңы өзгөртүүнү шашылыш кабыл алууга аракет кылууда

Өкмөт «Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүнү тез арада кабыл алууга аракет кылууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Парламенттин айрым депутаттары долбоорду күн тартибине киргизүүгө каршы чыгышты.

«Бул мыйзам долбоор айрым комитеттерден өткөн эмес. Анүстүнө биз фракцияда аймактарга чыгып, коомдук угуу уюштуруу тапшырмасын бергенбиз» — деди Кенжебек Бокоев.

Депутат Жанар Акевдин айтымында, социалдык маселелер боюнча комитетте кароодо мүчүлүштүктөр кетти.

«Комитеттин жыйыны башталганга жарым саат калганда бизге материалдарды таркатышты. Биз кабыл алдык, бирок катачылыктарын айтканбыз» — деди.

Добуш берүүдө мыйзам долбоор күн тартибине киргизилген жок.

Эскерте кетсек, «Мамлекеттик жөлөк пул» тууралуу жаңы мыйзамдын ишке кириши 1-апрелге жылдырылган. Өкмөт 1-апрелден тарта үч жашка чейинки баардык балдарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө үчүнчү баладан тарта жөлөк пул берип баштайт.

Ал эми өкмөт азыр сунуштаган жаңы өзгөртүү мамлекеттик жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карата бериле баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар